Тажикстан Кыргызстандын Баткен облусунун Баткен жана Лейлек райондорундагы айылдарды аткылоодо. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, чек арада кырдаал чыңалуу бойдон калууда.
Баткен районунун Кызыл-Бел, Көк-Таш, Тамдык, Достук айылдарында жана Төрт-Көчө участкасында, ошондой эле Лейлек районунун Кулунду, Достук, Максат, Жаңы-Жер, Сада 1, Акчечек, Катта-Туз, Маданият, Ленин айылдарында ок атышуу уланып, токтой элек.
Өкүлчүлүктөн белгилешкендей, аталган айылдардан жай тургундарды эвакуациялоо иштери жүрүүдө.