Бүгүн, 16-сентябрда тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Тажикстан Республикасынын тышкы иштер министри Сирожиддин Аслов менен Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча сүйлөшүү жүргүздү. Бул тууралуу министрликтен кабарлашты.
Маалыматта айтылгандай, сүйлөшүүдө кыргыз тарап чек арадагы кырдаалды саясий-дипломатиялык жол менен чечүүгө кызыкдар экендиги баса белгиленген.
Министр Кулубаев Тажикстандын тышкы иштер министри менен ар дайым байланышта болуп турары айтылат маалыматта.