ӨКМ: "Баткенде жарандарды эвакуациялоо иштери башталды"

Баткенде жарандарды эвакуациялоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Саат 09:30га карата берген маалымат боюнча, Баткен облусунун аймагында мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде абал чыңалуу бойдон сакталып турат.

Буга байланыштуу убактылуу жайгаштыруу пункттары уюштурулуп, Баткен жана Лейлек районунун аймагындагы жергиликтүү эл көчүрүлүүдө. Ал үчүн ӨКМнын атайын техника жана Жарандык коргонуу кызматтарынын Транспорт кызматынан унаалар камсыздалды. Жеринде өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамыркановдун жетекчилигинде тийиштүү иш-чаралар аткарылууда.

Кошумча маалымат берилет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан