Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде абал чыңалуу бойдон сакталууда. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалымдалгандай, ок атышууну токтотуу жана чыр-чатактын күчөшүнө жол бербөө максатында УКМКнын Чек ара кызматынын директору Уларбек Шаршеев Тажикстан УКМКсынын Чек ара аскерлигинин кол башчысы Раджабали Рахмонали менен телефон аркылуу сүйлөштү. Жолугушуу уюштуруу үчүн саат 10:00дөн баштап ок атышпоо келишими түзүлдү.
Бирок тажик тарап кыргыз чек арачыларынын позицияларын көздөй ок атууну токтотпой жатат.
Чек ара кызматынан белгилешкендей, саат 8:30дан баштап УКМКнын Чек ара кызматы ок атышууну токтотууну жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү талап кылууда. Бирок 8:30да жана 10:00дө да тажик тарап келишимдерди аткарган эмес.