Президенттин Баткендеги өкүлү Абдикарим Алимбаев чек арадагы акыркы кырдаал боюнча маалымат берди.
"Бүгүн эртең менен саат 06:00 чамасында Кыргыз-тажик чек арасында эки тараптуу ок атуулар башталган. Муну мен агрессия деп санайм. Анткени тажик тарап биз күтпөгөн жерден да атып жатат. Биз тараптан да чаралар көрүлүп жатат. Азыркы учурда ок атуулар токтой элек, Камчыбек Ташиев Тажикстандын УКМК жетекчиси менен сүйлөштү. Бардык тараптан ок атышууну токтотуу тууралуу буйрук берилди. Бирок ок атуулар токтой элек. Эгер бардык тараптан ок атуулар токтосо жолугушууларды өткөрөбүз", - деген ал кайрылуусунда.