Кыргызстан Тажикстанга чек ара чырына байланыштуу нота тапшырды

Бүгүн, 16-сентябрда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинде тажик тараптын мыйзамсыз жана деструктивдүү аракетине байланыштуу нааразычылык нотасы тапшырылды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кабарлангандай, Кыргызстан мурда жетишилген бардык макулдашууларды бузуу менен тажик тарап Кыргызстандын чек арасына аскерлерин алдын ала жайгаштырып, куралдуу күчтөрдү, оор аскердик техниканы колдонуу менен чек аранын бардык периметри боюнча Кыргызстандын Баткен облусунун Баткен жана Лейлек райондорундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында жайгашкан чек ара жана жарандык объектилерге чыккынчылык менен кол салганын белгиледи.

"Кыргыз тарап жетишилген бардык макулдашууларды так аткарууну, ок атышууну жана аскер бөлүктөрүн чыгарууну, ошондой эле чек ара аймактарында кырдаалдын курчушуна алып келе турган кырдаалды түзбөөнү талап кылды жана чек ара саясий жана дипломатиялык жол менен гана чечилиши керек дагы бир жолу баса белгиледи", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, буга чейин ТИМ башчысы Жээнбек Кулубаев тажикстандык кесиптеши Сирожиддин Мухрид менен мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги кырдаалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Bbbw
2022-09-16 12:48:00
Нотанын кимге кереги жоска ответ берип керек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан