Баткенде тургундар коопсуз аймактарга чыгып кетишүүдө

ӨКМнын Баткен облусу боюнча башкармалыгы, жергиликтүү Жогорку Кеңештин комиссиясы менен биргеликте бир нече убактылуу жайгаштыруу пункттарын ачып, калкты кооптуу аймактардан эвакуациялоо боюнча иш-чаралар уюштурулуп жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, жергиликтүү тургундар өздөрүнүн унаалары менен коопсуз аймактарга (туугандарыныкына) чыгып жатышат. Ак-Сай, Самаркандек, Ак-Татыр айылдарынан жарандар Рават айылына эвакуацияланды. Ал эми Баткен шаарында ачылган убактылуу жайгаштыруу пунктарына келген жарандар да бар.

Саат 10:30га карата Лейлек району боюнча: Жаңы-Жер айыл аймагы, Арка, Достук, Борбордук, Жаштык айылдарынын 70-80 пайыз эли өз алдынча чыгып кетишкен. Учурда жеринде өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, полковник У.Шамыркановдун жетекчилигинде министрликтин кызматкерлери жана техникалары тартылып, жарандарга тийиштүү жардамдар көрсөтүүлүдө. Ошондой эле министрликтен жардамга кошумча күч катары өздүк курам жана техникалар жөнөтүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
ali1995
2022-09-16 12:20:00
Супер инфо реклама нарды бугунчо очуруп тургулачы!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан