Чек ара кызматы: "Тажик тараптын куралдуу кол салуусунда аскерлер айыгышкан салгылашууну жүргүзүп жатат"

Баткен облусунун аймагындагы кыргыз-тажик тилкесинде болгон куралдуу кагылышуулар тууралуу чындыкка дал келбеген маалыматтарды жарыялоо фактылары катталып жатат. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынан маалымдашты.

Чек ара кызматы Кыргызстандын жарандарын туура эмес маалыматтарды таратпоого чакырат.

Ведомство белгилегендей, УКМКнын Чек ара кызматынын аскер кызматкерлери айыгышкан салгылашууларды жүргүзүп, өздөрүнүн позицияларын берип коюуу ниети жок.

УКМКнын Чек ара кызматында душмандын агрессиясынын мизин кайтаруу жана кырдаалды турукташтырууга мажбурлоо үчүн зарыл болгон күчтөр жана каражаттар бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан