Ак Үйдүн алдында чек арадагы жаңжал боюнча митинг өтүп жатат

Бүгүн, 16-сентябрда Бишкекте Ак Үйдүн алдында митинг өтүп жатат.

Митингге чыккандар кыргыз-тажик чек арасындагы болуп жаткан кырдаалга тынчсызданышып, Баткендеги кары-картаң, балдарды Бишкекке эвакуациялоону талап кылышууда.

Алардын алдына Жогорку Кеңештин депутаты Султанбай Айжигитов чыкты.

Белгилей кетсек, 14-сентябрь күнү кыргыз-тажик чек арасында ок атылганы кабарланган болчу. Облус башчысы эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын белгилеп, ок атышуу токтогонун билдирген. Бирок андан көп убакыт өтпөй эле кайрадан ок атыла баштаган.

УКМКнын Чек ара кызматы билдиргендей, Кыргызстандын чек ара кызматкерлери Баткендин Булак-Башы тилкесинде кызмат өтөп жаткан учурда Тажикстандын чек арачыларын байкашкан. Алар мурда түзүлгөн келишимдерди бузуп, такталбаган чек ара тилкесинде күжүрмөн позицияларды ээлешкен.

Тажикстандык чек арачылар кыргыз тараптын тилкеден чыгып кетүү боюнча мыйзамдуу талаптарына баш ийбей, ок чыгарган. Жооп катары кыргызстандык чек арачылар дагы ок чыгарган. Ок атышууда тажик тарап миномёт колдоно баштаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан