"Көзгө жаш тегеренет...". Баткенде үйүн таштап кеткен жарандарды башка айылдын эли үйлөрүнө жайгаштырууда

Социалдык тармактарда "үй бар" деген жазуу менен жол тосуп жаткан сүрөттөр жарыяланды. Чек арадагы айылдардан үйүн таштап кеткен жарандарды башка айылдын тургундары өз үйлөрүнө жайгаштурууда.

Ал Баткен районунун аймагындагы айылдардан эвакуацияланган эл Рават айылына жайгаштырылууда.

Мындан сырткары Баткен шаарында жарандарды убактылуу жайгаштыруу пункттары ачылып, калкты кооптуу аймактардан эвакуациялоо боюнча иштер жүрүп жатканы кабарланган.

Ошол эле учурда жергиликтүү тургундар өздөрүнүн унаалары менен коопсуз аймактарга барууда. Лейлек районундагы Жаңы-Жер, Арка, Достук, Борбордук, Жаштык айылдарынын тургундарынын 70-80 пайызы үйлөрүнөн өз алдынча чыгып кетишкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан