Тажикстандын куралдуу кол салуусунан улам жабыркагандардын саны 31ге жетти

Баткендеги чек ара жаңжалынан жабыркагандардын саны 31ге жетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалымдалгандай, саат 13:00гө карата Баткен облустук бириккен ооруканасына 13 жабырлануучу келип түштү. Муну менен ар кандай жаракат алгандардын жалпы саны 31ге жетти.

Жабыркагандардын абалы жана диагнозу тууралуу маалымат кийинчерээк берилет.

"Баткен облусундагы бардык саламаттыкты сактоо уюмдары жана "Тез жардам" кызматы күчөтүлгөн режимге өткөрүлдү. Ооруканаларда медициналык жардам көрсөтүү үчүн кандын компоненттеринин, дары-дармектердин жана медициналык буюмдардын жетиштүү көлөмү бар", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан