Баткен облусунда Ички иштер министрлигинин кызматкерлери жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча иштерди жүргүзүүдө. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматынан кабарлашты.
Билдирүүгө ылайык, Баткен облусунун чыр чыккан аймактарында Баткен облусунун ОИИБи боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери коопсуз жайларга көчүрүлүп жаткан жарандар бар транспорт каражаттарын коштоп жүрүүдө.
Ошондой эле жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча зарыл чараларды көрүшүп, жергиликтүү тургундарга жардам беришүүдө.