20-сентябрда саат 09:00дөн 18:00гө чейин борбор калаанын түштүк-чыгыш тарабына таза суу берүү токтотулат. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлашты.
Муздак суу «Контррезервуар» суу алгычында жана шаардын суу түтүктөрүндө оңдоо-профилактикалык иштерди жүргүзүүгө байланыштуу убактылуу өчүрүлөт.
Суу өчүрүлгөн аймактар: Достоевский, Анкара, Ауэзов көчөлөрү жана темир жол линиясы. Алтын Ордо, Кара-Жыгач, Полиция шаарчасы конуштарында суу болбойт.
Борбор калаанын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, мекемелерди ичүүчү суу камдап алууну суранат.