Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча сүйлөшүүлөр башталды. Бул тууралуу президенттин Баткендеги өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.
Кыргыз тараптан жолугушууга УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, Баткен облусунун башчысы Абдикарим Алимбаев жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилери катышып жатат.
Маалымдалгандай, жолугушуу Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан мамлекеттери чектешкен аймакта орун алууда.