Франциядагы эл аралык аэропортко ханыша Елизавета II'нин ысымы ыйгарылат

Франциянын түндүк аймагында жайгашкан эл аралык Ле-Туке-Кот-д'Опаль аэропортуна Улуу Британиянын ханышасы Елизавета II'нин ысымы ыйгарылат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматта айтылгандай, эл аралык аэропорт 14-октябрдан тарта Aéroport international Le Touquet-Paris-Plage Elizabeth II деп аталат.

Ошондой эле маркум ханышанын элесине сый-урмат көрсөтүү максатында аэропортко ханыша Елизавета II'нин ысымын ыйгаруу чечими кабыл алынганы айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, Улуу Британиянын ханышасы Елизавета II 8-сентябрда 96 жашында каза болгон. Аны акыркы сапарга узатуу зыйнаты 19-сентябрда өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан