Тажик тараптын куралдуу кол салуусу. Кан тапшырууну каалагандар Республикалык кан борборуна кайрылса болот

Тажикстандын куралдуу кол салуусунан жаракат алгандар үчүн кан тапшырууну каалаган жарандар Республикалык кан борборуна кайрылса болот. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш графиги дүйшөмбү-жума күндөрү 08:00дөн 14:00гө чейин, ал эми ишемби күнү 08:00дөн 12:00гө чейин.

"Жаныңызга паспорт, айдоочулук күбөлүк же аскер билетиңизди алып алыңыз. Кан тапшыруунун алдында майлуу, куурулган, сүт азыктарын жебеңиз. Аймактардагы бардык кан борборлору ушундай эле иштеп жатат", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан