Тажикстандын «Ляккан» жана «Богдари» чек ара заставаларындагы техникалар жок кылынды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.
Саат 14:00гө карата Баткен облусундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында абал чыңалуу бойдон. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирет. Тажик аскер кызматкерлери Баткен районунун Достук айылындагы мектеп имаратын ээлеп алышты.
Тажикстандын аскер кызматкерлери чек арага канатташ айыл жерлеринен ок чыгарышып, ошону менен алардын позицияларына карата ок чыгарууга мажбур кылышууда.
Өздөрүнүн тургундарын "тирүү" калканыч катары колдонуп жаткандыктан тажик тараптан жай тургундары арасында жоготуулар көп болууда.
УКМК Чек ара кызматынын өздүк курамы аёосуз согуштук аракеттерди көрүүнү улантып, жагдайдын өзгөрүшүнө жараша адекваттуу чараларды көрүүдө, каршылаш тарап ок атууну токтотушу үчүн заманбап курал-жарак жана техникаларды колдонууда.