Ош шаарынын борбордук аянтында (мэриянын алдында) Баткен элине гуманитардык жардам чогултулуп жатат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы тарабынан маалым болду.
Маалыматта айтылгандай, калаа башчысы Алмаз Мамбетовдун тапшырмасы менен Баткен облусуна гуманитардык жардам жөнөтүү боюнча иштер жүрүүдө. Учурда мэрия менен президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү биргелешип борбордук штаб түздү.
"Баткен элине жардам берүүнү каалагандар азык-түлүк, жана башка керектүү буюмдарды борбордук аянтка алып келсе болот. Ошондой эле Сонунбек Жунусбаев (0559 850 191) жана Эрлан (0999 929 790) аттуу жооптуу адамдарга байланышса болот", — деп жазылат маалыматта.
Эскерте кетсек, Бишкек шаарында да гуманитардык жардам чогултулуп жатат.