Тажик тараптын куралдуу кол салуусунан жабыркап, ооруканага кайрылгандардын саны 42ге жетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
"Алардын ичинен 19 жабырлануучу Баткен облустук бириккен ооруканасында, 18и Лейлек райондук ден соолукту чыңдоо борборунда болсо, аталган ооруканада жаткан дагы 5 жабырлануучу Бишкек шаарындагы саламаттыкты сактоо уюмдарына жеткирилген", - деп айтылат маалыматта.
Абалы жана диагнозу тууралуу маалымат кийинчерээк берилери кошумчаланды.
Ошондой эле Баткенге жабырлануучуларга медициналык жардам көрсөтүү үчүн дарыгерлердин үч бригадасы, Улуттук госпиталдан нейрохирургдар, жалпы хирургдар, кан тамыр хирургдары, анестезиолог-реаниматологдор, хирургдар, фельдшердик медициналык кызматкерлерден турган үч бригада учуп кеткендиги айтылды.