Исмаил Матраимов атындагы кайрымдуулук фонду Баткен элине гуманитардык жардам жиберет

Кыргыз-Тажик чек арасында орун алган куралдуу кагылышууга байланыштуу Ош шаарында Баткен элине гуманитардык жардам чогултулуп жатат. Бул тууралуу атайын түзүлгөн штабдан билдиришти.

Ошондой эле билдирүүдө Исмаил Матраимов атындагы коомдук кайрымдуулук фонду Баткен облусуна гуманитардык жардам жеткире тургандыгы айтылат.

"Ош шаардык мэриясынын алдында гуманитардык жардам чогултуу боюнча атайын штаб түзүлдү. Биз 24 саат бою иштейбиз. Кайдыгер эмес жарандарды жардам берүүгө чакырабыз. Ошондой эле Исмаил Матраимов атындагы коомдук кайрымдуулук фонду 2 саат аралыгында Баткен облусуна гуманитардык жардам менен барат", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kg-04
2022-09-16 17:13:00
Берсин жардам акча бар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан