Бишкекте Кожомкул атындагы спорт сарайында гуманитардык жардам кабыл алуучу түйүн ачылды. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында Баткен облусуна гуманитардык жардам көрсөтүү үчүн түйүн ачылды. Аталган пунктка күнүмдүк турмушка керектелүүчү жардамдар кабыл алынары айтылат.
Жеринде ӨКМнын Бишкек шаардык башкармалыгынын башчысы, майор Эрнест Жусуповдун жетекчилиги астында кызматкерлер жарандардан келген гуманитардык жардамдарды кабыл алып, топтолгон жардамды жеткирүү ишин көзөмөлгө алып жатышат.
Кабыл алынган жадамдардын топтомунда кесме, ун, өсүмдүк майы, гигиеналык каражаттар жана башка нерселер бар экени маалымдалат.