Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан Баткен облусуна азык-түлүк, гигиеналык каражаттар, төшөк-жууркандар жана башка биринчи керектелүүчү каражаттар белгиленген жерлерге жеткирилүүдө. Бул тууралуу аталган министрлик тарабынан маалым болду.
Билдирүүдө айтылгандай, эвакуациялоо, жарандарды жайгаштыруу иштери жүрүп жатат. Жерине жеткирилген гуманитардык жардам Баткен облусунда ачылган убактылуу пункттарда жайгашкан жарандарга, муктаждарга таратылат.
Убактылуу пункттарда жайгашкан жарандарга медициналык жана психологиялык жардам Жарандык коргонуу кызматтары менен биргеликте жүргүзүлүүдө.