Кулатов көчөсү оңдоп-түзөө иштеринен кийин ачылды

Борбор калаада мэр Эмилбек Абдыкадыровдун катышуусунда Кулатов көчөсүнүн Байтик баатыр көчөсүнөн Каракульская көчөсүнө чейинки бөлүгүнүн ачылышы болду. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, жолдун узундугу 1,4 чакырым, жүрүүчү бөлүктүн туурасы 9 метр. Жолду реконструкциялоо 2021-2022-жылдар аралыгында 2 этап менен жүргүзүлдү. Жөө жүргүнчүлөр үчүн жолдун эки тарабына ыңгайлуу тротуар төшөлүп, жашыл жерлерди сугаруу үчүн ирригация орнотулду.
Көчөнүн оңдолушу менен Лев Толстой жана Горький көчөлөрүндө унаа кыймылы азаят.
Көчө Кытай Эл Республикасынын грантынын эсебинен «Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү» долбоорунун экинчи фазасынын алкагында оңдолду.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан