Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз-Тажик чек арасындагы кырдаал боюнча билдирүү жасады

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз-Тажик чек арасындагы кырдаал боюнча билдирүү жасады. Бул тууралуу аталган министрликтин расмий сайтына жарыяланган.

Маалыматта Орусия 16-сентябрга караган түнү Кыргыз-Тажик чек арасында кезектеги куралдуу кагылышуунун натыйжасында кайрадан курчуп кеткен чыңалууну тынчсыздануу менен байкоону улантып жатканы айтылат.

"Тилекке каршы, эки тараптан тең каза болгондор жана жарадар болгондор бар. Буга байланыштуу каза болгондордун жакындарына көңүл айтабыз. Биз эки тарапты тең кырдаалды саясий-дипломатиялык жол менен ырааттуу өткөрүү үчүн чукул жана комплекстүү чараларды көрүүгө, эскалациялоо аракеттерин, ошондой эле үчүнчү тараптардын провокацияларын токтотууга чакырабыз.

Буга чейин айтылып келгендей, чыр-чатактын негизги себеби Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасынын бир катар тилкелерин делимитациялоо жана демаркациялоо процессинин бүтпөгөндүгү. Ушуга байланыштуу биз өнөктөштөрүбүз үчүн алгылыктуу болгон бардык жардамды көрсөтүүгө чын жүрөктөн даяр экенибизди ырастайбыз. Ушуга байланыштуу биз өнөктөштөрүбүз үчүн алгылыктуу болгон бардык жардамды көрсөтүүгө чын жүрөктөн даяр экенибизди ырастайбыз. Биз “арсеналда” сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана чек араны демаркациялоо үчүн жагымдуу тышкы шарттарды камсыз кылууга мүмкүндүк берүүчү каражаттардын кеңири спектринин болушуна көңүл бурабыз. Стабилдүүлүктү тез арада калыбына келтирүү жана чыр-чатактын күчөшүнө жол бербөө максатында кыргыз жана тажик тараптары менен тыгыз байланышта болгон Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Башкы катчысынын ортомчулук аракеттерин кубаттайбыз", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан