
Ош шаарынын жана Ош облусунун борбордук штабы Баткен облусуна гуманитардык жардам көрсөтүү боюнча активдүү иштеп жатат. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалыматында жазылат.
Мэриядан билдиришкендей, бүгүн штаб тарабынан Баткен облусуна матрезервден 10 тонна ун, 5 тонна күн карама майы, 2 тонна кумшекер жөнөтүлөт.
Мындан сырткары бүгүн Ош шаарынын мэриясынан Баткен облусуна бир нече тонна макарон, күрүч, картошка, сабиз, пияз, ошондой эле туз, балдар үчүн гигиеналык каражаттар жиберилет.
Ошондой эле кайдыгер карабаган жарандар тарабынан азык-түлүк, керектүү каражаттар келип түшүүдө.