Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Баткен облусуна барып, Жарандык коргонуу кызматтары менен биргеликте абалды жеке көзөмөлүнө алууда. Бул тууралуу аталган министрликтен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, учурда Баткен облусунда Тажикстан менен чектешкен аймактарда абал курч бойдон калууда.
"Баса белгилеп айта кетүүчү жагдай, чек арадагы куралдуу кагылышууда тажик тарап, буга чейин жетишилген макулдашууларды бузуп, Кыргызстандын аймагына согуштук куралдарды колдонуу менен басып кирген. Натыйжада жергиликтүү жай тургундар үй-жайын таштап кетүүгө аргасыз болгон. Баткендин чек арага жакын бир катар айылдарынын тургундарын коопсуз жайга эвакуациялоо иши ӨКМ тарабынан жүргүзүлүүдө.
Министр жеринде жабыр тарткан элден кабар алып, калкты коопсуз жайларга жайгаштырууда жана аларды тамак-аш менен камсыздоодо, гуманитардык жардамдарды жеткирүүдө, медициналык кызматтардын кечиктирилгис иштерди ыкчам аткаруусун көзөмөлгө алууда. Баткен облусунда түзүлгөн кырдаалга байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жалпы өздүк курамы күчөтүлгөн тартипке ишке өтүп, даярдыкта турушат", - деп айтылат маалыматта.