"Каргашалуу окуя болуп жатса, кантип ырдайм". Ырчы Гүлназ Чыныбек кызынын жеке концерти жылдырылды

Ырчы Гүлназ Чыныбек кызынын жеке концерти Баткен облусундагы болуп жаткан жаңжалга байланыштуу жылдырылды. Бул тууралуу ырчы Инстаграм баракчасына жазып чыкты.

"Концертти бир аз убакытка жылдырууга аргасыз болуп турам. Элиме каргашалуу окуя күтүүсүз келип турса кантип ырдайм?! Ылайым эртерээк абал турукташып кетсин. Бийликтин буйругу менен cпорт ордосу бүгүндөн тарта Баткен элине гуманитардык жардам чогултуучу пункт болуп жарыяланды. Жардам берем дегендер, дал ушул жерге алып келе бериңиздер. Октон качып талаада жүргөн мекендештерибизге колубуздан келген жардамыбызды берели.

Ал эми билет сатып алган угармандарым, сиздер да туура түшүнүп бир аз күтө турасыздар деген ойдомун", -дейт ырчы.

Ошондой эле ал абал турукташса, алты айдан бери даярданып жаткан концертин сөзсүз берерин билдирди.

видео
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан