УКМКнын Чек ара кызматынын өздүк курамы кагылышуу болгон аймактарда ок атууну токтотушту. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматынан кабарлашты.
“Тажик тараптан аткылоонун интенсивдүүлүгү кескин азайды, бирок чек аранын айрым жерлеринде тажик аскерлери маал-маалы менен Кыргызстандын позицияларын аткылоодо”, - деп айтылат маалыматта.