Жапаров: "Кыргызстан ШКУнун алкагында ар тараптуу кызматташууну тереңдетүүгө өзгөчө маани берет"

Президент Садыр Жапаров бүгүн Өзбекстандын Самарканд шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кеңейтилген курамдагы жыйынында сөз сүйлөдү.

Мамлекет башчысы белгилегендей, ШКУну түзүү тынчтыкты, туруктуулукту жана коопсуздукту камсыз кылуу боюнча уюштуруучу өлкөлөрдүн өз ара ишениминин жана максаттуу ишинин табигый натыйжасы болду.

“Бүгүнкү күндө дүйнө калкынын дээрлик жарымын жана дүйнөлүк ички дүң продуктунун төрттөн бирин бириктирген биздин Уюм мүчө-мамлекеттер тарабынан коюлган максаттар менен милдеттерди ийгиликтүү аткаруу менен ыкчам өнүгүп жаткан трансаймактык бирикмеге айланып баратат. Аталган милдет-максаттардын ичине өз ара ишенимди, достук менен ынак коңшулук мамилени, коопсуздук менен туруктуулукту бекемдөө; заманбап чакырыктар менен коркунучтарга биргелешип каршы туруу; ШКУ мейкиндигинде өлкөлөр менен элдердин экономикалык жактан өсүшүнө, социалдык жана маданий өнүгүүсүнө көмөктөшүү маселелери камтылган”, - деди ал.

Садыр Жапаров уюм коопсуздукту камсыз кылуунун жана мамлекеттер аралык мамилелерди туруктуу өнүктүрүүнүн маанилүү фактору болуп калганын белгиледи.

Ал Кыргызстан ШКУну уюштуруучу мамлекеттердин бири катары уюмдун алкагында ар тараптуу кызматташууну тереңдетүүгө өзгөчө маани берерин жана Уюмду мындан ары да бекемдөөгө өз салымын кошо берерин ырастады.

Глобалдык көйгөйлөр менен чакырыктарга токтолуп Садыр Жапаров аларды чечүүнүн кечеңдеши жер бетинде тынчтыкты сактап калууга олуттуу терс таасирин тийгизиши толук мүмкүндүгүнө көңүл бурду жана Кыргызстан ШКУга мүчө-мамлекеттердин коопсуздугу үчүн коркунучтар менен чакырыктарга каршы туруу механизмин өркүндөтүү жөнүндө чечимди ишке ашырууну жана ал чечимде камтылган эл аралык уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү борборун Бишкекке ачууну жактай турганын белгиледи.

Мамлекет башчысы ШКУга мүчө-мамлекеттер эң татаал социалдык-гуманитардык көйгөйлөрдү чечүүдө Афганстанга көмөк көрсөтүүнү улантып жатышканын белгиледи.

Бул маселелерде Садыр Жапаров белгилегендей, көп азап чеккен афган элинин кызыкчылыгы үчүн координацияланган аракеттерди көрүшүү зарыл.

Президент ошондой эле Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпиндин “Бир алкак – бир жол” аттуу тышкы саясий демилгесине көңүл бурду. Ал бул демилге – ШКУга мүчө мамлекет тарабынан сунушталып жаткан азыркы учурдун эң олуттуу жана маанилүү эл аралык инфратүзүмдүк долбоорлорунун бири экендиги талашсыз экенин белгиледи.

“Кыргызстан деңизге түз чыгуу мүмкүнчүлүгү болбогон өлкө катары дүйнөлүк транспорт түйүндөрү менен коридорлоруна кошулуу, транспорттук-логистикалык инфратүзүмдү өркүндөтүү мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашыруу үчүн аракеттерди көрүп келет”, - деди Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров бул өңүттө Кыргызстан ШКУ өлкөлөрүнүн ортосундагы өз ара байланышты, натыйжалуу экономикалык жана транспорттук коридорлорду өнүктүрүү жаатында кызматташтык концепциясын ишке ашырууну абдан маанилүү деп эсептейт. Ошондой эле ШКУга мүчө-мамлекеттердин темир жол администрацияларынын өз ара аракеттенүү концепциясын ишке ашыруу планын даярдоону сунуштайт.

Мамлекет башчысы бүгүнкү күндө глобалдык өзгөрүүлөргө ээ болуп жаткан маанилүү маселелердин бири азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо, климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу экенин айтты. Буга байланыштуу ал кыргыз тарап кытай тараптын эл аралык азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо боюнча билдирүүсүн кабыл алуу жөнүндө демилгесин колдоорун билдирди.

Президент Кыргызстан климаттын жаратылышка, өзгөчө мөңгүлөргө жана биологиялык ар түрдүүлүккө тийгизген терс таасирин ооздуктоого жана жумшартууга багытталган жигердүү саясат жүргүзүп жатканын, ар кандай эл аралык демилгелерди көтөрүп жатканан айтып берди.

Мамлекет башчысы ошондой эле, Кыргызстан менен Өзбекстан ШКУга ийгиликтүү жана натыйжалуу төрагалык кылгандыгына жогору баа берерин белгиледи.

Президент ШКУга мүчө-мамлекеттер “Шанхай демин” карманып, жер жүзүндө коопсуздукту, туруктуулукту чыңдоого, тынчтыкты сактоого, адамзаттын алдында турган көптөгөн глобалдык маселелерди чечүүгө олуттуу салым кошо аларына бекем ишенимин билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан