Оштон Баткенге 40 тонна гуманитардык жардам жөнөтүлөт

Бүгүн Оштон Баткенге 40 тонна гуманитардык жардам жөнөтүлөт. Бул тууралуу президенттин Оштогу өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Ош шаарында жана Ош облусунда Баткен облусуна гуманитардык жардам чогултуу уюштурулду. Бүгүн Баткен облусуна бир нече тонна макарон, күрүч, картошка, сабиз, пияз, туз, ошондой эле балдар үчүн гигиеналык каражаттарды жөнөтөт.

"Ошондой эле кайдыгер карабаган жарандар тарабынан Баткен облусуна жөнөтүү үчүн азык-түлүк жана керектүү каражаттар келип түшүүдө", - деп айтылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан