Ош шаарынын мэриясынын аппаратынын кызматкерлери бир күндүк эмгек акысын Баткен облусунун тургундарына которот. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун тапшырмасына ылайык, Ош шаарынын мэриясынын аппаратынын кызматкерлеринин бир күндүк эмгек акысы Баткен облусунун тургундарына жардам көрсөтүү максатында атайын эсепке которулат.
Жалпы сумма 170 миң сомду түзөт.
Белгилей кетсек, Ош жана Бишкек шаарларында Баткен элине гуманитардык жардам чогултулууда.