Саат 18:00гө карата тажик тараптын куралдуу кол салуусунан жабыркап, ооруканага кайрылгандардын саны 55ке жетти. Анын ичинен 3 жабырлануучу амбулатордук дарылоого жөнөтүлдү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жалпы жабыркагандардын ичинен 7си аял, 5и жаш балдар.
"Ошондой эле 1 адам өлүмү катталганын маалымдайбыз, 15 жаштагы өспүрүм кыз октон көз жумган. Баткен облусунан алынган оперативдүү маалыматтарга караганда, каза болгон учурлар дагы бар. Алар боюнча маалымат азыр такталууда, кошумча маалымат кийинчерээк берилет", - деп айтылат маалыматта.