Президент Самарканддан кайтып келди

Президент Садыр Жапаров Самарканддан кайтып келди. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады.

"Президенттин Өзбекстандын Самарканд шаарында өткөн Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынына катышуусу аяктады", - деп айтылат маалыматта.

Саммиттин ишине ШКУ өлкөлөрүнүн лидерлери катышты. Алар: Кыргызстан, Индия, Казакстан, Кытай, Пакистан, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстан. Мындан сырткары, бир катар өлкөлөр байкоочу жана ардактуу конок катары катышты.

Анын алкагында Кыргызстандын аймагындагы тилкеде “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун куруу долбоору боюнча үч тараптуу кызматташтык макулдашуусуна кол коюлду.

Ошол эле учурда бир катар өлкөлөрдүн башчылары менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.

Иш-чаранын жыйынтыгында өлкө лидерлери уюмга мүчө мамлекеттердин ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган бир катар көп тараптуу документтерге кол коюшту.

Бүгүн, 16-сентябрда мамлекет башчысы Бишкек шаарына кайтып келди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан