Баткен районунун кээ бир айылдарында абал чыңалуу бойдон калууда. Бул тууралуу түз эфир учурунда президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Маруфхан Тулаев билдирди.
"Баткен районунун Самаркандек жана Аксай айыл өкмөттөрүндө кырдаал дагы деле курч бойдон калууда. Эки тараптын саат 16:00дө ок атууларды токтотобуз деген сүйлөшүүлөргө карабай тажик тараптан азыркы учурда Миң-Өрүк, Миң-Булак айылдарында дагы эле атышуу бар. Ошондой эле жарандардын турак жайлары өрттөнгөнү уланууда. Ал эми Лейлек районунун төмөнкү бөлүгүндө ок атуулар токтой элек. Ал жактагы эл эвакуация болгон. Учурда аталган тилкеде аскер кызматкерлери гана калган", - деп билдирди ал.