Кыргызстандын акыйкатчысы Атыр Абдрахматова Тажикстан өлкөсүнүн акыйкатчысы Умед Бобозода менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Абдрахматова Тажик өлкөсүнүн аскер кызматкерлери тарабынан ок атуучу куралдарды, куралдуу күчтөрдү, оор аскердик техниканы колдонууга жол берилбестигин баса белгилеп, тажик кесиптешине Тажикстандын аскер кызматкерлерин ок атууну токтотууга чакыруу өтүнүчү менен кайрылды.
Акыйкатчы белгилегендей, Кыргызстандын аймагындагы тынч элге, жарандык объектилерге аткылоодон аялдар, балдар жабыркап курмандык болууда, элдин үйлөрү, социалдык инфраструктурасы өрттөлдү. Ошол эле учурда Тажикстандын да тынч жашап жаткан жарандардын “тирүү калкан” катары колдонулушу жалпы адам укуктарын бузууда.
Кыргызстандын аймагын жана Кыргыз жарандарын аткылоону токтотуу максатында Абдрахматова аткыланган аймакта эки тараптуу жолугушуу өткөрүүнү сунуштаган. Тараптар үзгүлтүксүз байланышта болууну макулдашышканы маалымдалат.