Кызыл жарым ай коомунун Баткендеги өкүлчүлүгү тарабынан чек арага жакын жайгашкан аймактардан 19 миңдей жаран эвакуацияланды. Бул тууралуу аталган уюмдун аймактык өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, Боз-Адыр айылынан 2 миң 58, Сүлүктү шаарынан 2 миң 740, Кадамжай шаарынан 9 миң 870, Газ, Согмет, Чарбак, Кыштут жана Таян айылдарынан 3 миң 334 адам эвакуацияланган.
Мындан сырткары, убактылуу жайгаштыруу пункттарына эвакуацияланган жарандарга биринчи психологиялык колдоо көрсөтүлүп жатканы кошумчаланды.