Тажик тарап каза болгон Кыргызстандын чек арачыларынын сөөгүн шылдыңдап, аларды өз кызыкчылыгына колдонуу максатында сүрөт, видеого тартып жатат. Бул тууралуу Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирет.
"Биздин мамлекетке каршы саясатынын алкагында, фактыларды бурмалап, Кыргызстанды агрессор катары көрсөтүүгө аракет кылуу үчүн бул сүрөт, видеолорду өздөрүнө ыңгайлуу өңүттө колдонушу ыктымал ", — деп айтылат атайын кызматтын билдирүүсүндө.
Мындан улам УКМК коомчулукту кырдаалга туура баа берип, эки элдин ортосуна ким бүлүк салып жатканын туура баамдоого чакырды.
Баткенде абал дале болсо чыңалуу бойдон сакталып турат. УКМК тажик тарап чек ара заставаларын гана эмес, мектеп, бала бакча, медпункт, соода түйүндөрүн да талкалап жатканын билдирүүдө. Учурда облустун бир катар аймагында ок атышуу уланып жатат. Саат 18:30да тажик тарап, буга чейин жетишилген макулдашууну бузуп, кайрадан ок чыгарган.