Президент чек арадагы кырдаал боюнча Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрдү. Жыйынтыгы

Президент Садыр Жапаров бүгүн Баткен облусундагы мамлекеттик чек арадагы кырдаал боюнча Коопсуздук кеңешинин кезексиз жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу мамлекет башчысынын маалымат кызматы кабарлайт.

Анын жүрүшүндө мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде түзүлгөн кырдаалдын мындан ары курчушуна жол бербөө жана чыңалуунун деңгээлин төмөндөтүү боюнча чаралар талкууланды.

Өлкө башчысы тиешелүү түзүмдөргө чек ара аймактарынын жашоочуларынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча бардык чараларды көрүүнү, ошондой эле жабыркаган жана эвакуацияланган Кыргызстандын жарандарына бардык керектүү жардам көрсөтүүнү тапшырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
kebranum
2022-09-17 04:14:00
Ушул бийликтин уйдо баатыр жоодо жоктугу. Аялды башынан баланы жашынан дегендей эле болуп калды. Бийликтин кадыр баркы жоктугу. Ташиев кыйын экен Жогорку кенеште суйлогондой тажиктерге да суйлобойбу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан