Айыл-чарба министрлигинин кызматкерлери Баткен облусунун тургундарына бир күндүк эмгек акысын которот. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Анда Айыл чарба министрлигинин борбордук аппаратынын кызматкерлери өз демилгеси менен жапа чеккен Баткен облусунун тургундарына бир күндүк эмгек акысын которуп беришери айтылат.