"Медициналык жана психологиялык жардам көрсөтүлүүдө...". Баткенде 136 миңден ашуун адам эвакуацияланды

Саат 21:00гө карата Баткен облусу боюнча 136 миңден ашуун адам эвакуацияланды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдирет.

Кабарлангандай, калкты кооптуу аймактардан эвакуациялоо боюнча иш-чаралар уланып жатат. Мындан сырткары жергиликтүү тургундар өздөрүнүн унаалары менен коопсуз аймактарга чыгып жатышат.

Азыркы учурда алдын ала маалымат боюнча жалпы 136 миңден ашуун адам коопсуз аймакка эвакуацияланды.

Алар: Баткен районунун, Баткен шаарынын, Лейлек районунун, Раззаков шаарынын тургундары.

Мындан тышкары, Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жекенди айылынан 2800гө жакын жаран Дароот-Коргон жана Кашка-Суу айылдарына эвакуацияланган. Эвакуация боюнча маалымат кошумча такталууда.

"Баткен облусунда эвакуацияланган жарандарга тамак-аш, гигиеналык каражаттар топтому жана жууркан-төшөктөр Жарандык коргонуу кызматтары тарабынан жеткирилүүдө. Учурда Бишкек шаарында 5 жерде жана Ош шаарынын мэриясында пункттары ачылып, гуманитардык жардамдарды кабыл алуу иштери жүрүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле ӨКМга караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду тарабынан Баткен облусуна күйүүчү май, ун, шекер, суу май бөлүнүп берилди.

Ал эми БУУнун дүйнөлүк азык-түлүк программасы тарабынан 400 тонна азык-түлүк гуманитардык жардам көрсөтүүгө даяр экендигин маалымдашты. Жеринде ӨКМнын кызматкерлери, Кызыл-Ай коому, Чек арасыз дарыгерлер коомдору жарандарга медициналык жана психологиялык жардам көрсөтүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан