"Жүрөк жылытат". Спорт сарайында Баткенге гуманитардык жардам чогултулууда (сүрөттөр)

Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында Баткен облусуна гуманитардык жардам көрсөтүү үчүн түйүн ачылды. Аталган пунктка күнүмдүк турмушка керектелүүчү жардамдар кабыл алынып жатат.

Бишкектин тургундары аткылоодон улам үйлөрүн убактылуу таштап кетүүгө аргасыз болгон Лейлек жана Баткен райондорунун чек ара айылдарынын тургундары үчүн тамак-аш, жеке гигиеналык каражаттар, кийим-кече, төшөнчүлөр, дары-дармек жана акча каражаттарын активдүү түрдө берип жатышат.

Ошондой эле спорт ордосунда жабыркагандарга акчалай жардам берүүнү каалагандар үчүн 4 терминал орнотулган.

Ал эми социалдык тармактарда чогулган жардамды таңгактап, Баткенге жөнөтүү үчүн үкөк, баштыктар керек экенин ыктыярчылар жазышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан