УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев саат 23:20га карата акыркы маалыматтарды айтты. Анда Ташиев курман болгондордун так саны жок экенин билдирди.
"Тилекке каршы, курман болгондор көп, жарадар болгондор дагы көп. Жергиликтүү тургундардын арасынан жоготуулар азыраак болду. Себеби, биз аларды убагында айылдардан чыгарып кеттик дагы аскер адамдар гана калышты. Азыр дагы Кудай сактасын, кагылышуу болуп кетсе жергиликтүү тургундар коопсуз жерде. Эгерде капыстан кайрадан башталып кетсе, анда бизде бардык мүмкүнчүлүктөр бар, биз аларды жасайбыз. Мамлекеттин толук территориясын толук коргойбуз жана ал биздин милдетибиз", - деди Ташиев.