Баткенде ок атышуу толугу менен токтотулду. Бирок абал чыңалуу бойдон. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.
Маалымдалгандай, тажик тарап менен бир күндө үч ирет жолугушуу өткөрүлүп, ок атышууну токтотуу макулдашылган. Бирок ага карабай тажик бийлиги макулдашууну үч ирет тең бузуп, ок чыгарган.
"Тажик тараптын чабуулдарынын мизин кайтаруу үчүн колубузда болгон мүмкүнчүлүктүн баарын пайдаландык. Облустун аймагында ок атышуулар толук токтогону менен, абал кооптуу бойдон. Мындан кийин абал кандай болуп кетерин эч ким айта албайт жана кепилдик да бере албайт. Бирок ага карабай биз абалды толук бойдон көзөмөлгө алууга аракет кылып жатабыз", - деди Ташиев.
Тажик тараптын Кыргызстандын аймагына куралдуу кол салуусу кечээ башталган. Сүйлөшүүлөрдөн кийин токтотулганы менен, бүгүн эртең менден баштап кайрадан ок атууну баштаган.