Бүгүн, 16-сентябрда саат 23:20га карата УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев маалымат берүүдө. Анда ал айылдарды тажик жарандарынан бошотуу аракеттери көрүлүп жатканын айтты.
"Алар биздин айылга кирип келүүгө ыңгайлуу болду. Биздин айылдар өрттөлдү, алардыкы дагы өрттөлдү. Азыркы учурда эки айылыбыз калды, биз ал айылдарды дагы бошотобуз, өз калыбына келтиребиз. Биздин жарандарга айтаарым провокацияга алдырбагыла, биз бардык маалыматтарды бергенге аракет кылып жатабыз. Дагы бир жолу айтайын биздин көп аскер кызматкерлерибиз жабыркады. Себеби алар чек аранын тилкелеринде турушат, акыр аягына чейин мамлекетке берген антына туруп жатышат", - деди Ташиев.