УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз аскерлерине ыраазычылык билдирди.
"Биздин аскер кызматкерлерибиз чек ара тилкелеринде турушат. Алар берген антын аткарып жатышат. Мен жетекчи катары ушул убакта кызматкерлериме ыраазычылык билдирем", - деди Ташиев.
Буга чейин УКМКнын башчысы курман болгондор, жарадар болгондор көп экенин айткан.