Тажикстан Кыргызстандын чек арасын көздөй кошумча күчтөрдү, оор жана автотехниканы тартууда. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.
Лейлек жана Баткен райондорунун чек арага жакын жерлерге тажик тарап күч-каражаттарын кайрадан топтоп жатат.
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Баткен облусунун аймагында ок атышуу толугу менен токтогонун билдирип, абал чыңалуу бойдон сакталып жатканын айткан.