Тажик тараптын куралдуу кол салуусунан жабыркагандардын саны 87ге жетти

Саат 23:30га карата тажик тараптын кол салуусунан жабыркап, ооруканага кайрылгандардын саны 87ге жетти. Анын ичинен бешөөсү амбулатордук дарыланууга жиберилген. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Жарааттардын мүнөздөмөсү боюнча, негизинен дененин ар кайсы бөлүгүнө ок тийген жана жарылуудан алган жарааттар.


1. Баткен облустук бириккен ооруканасы - 28 жабырлануучу;

2. ЖДПБ Лейлек 21 жабырлануучу;

3. ЖДПБ Кулунду - 3 жабырлануучу,

4.ЖДПБ Сүлүктү - 3 жабырлануучу,

5. Улуттук госпиталда - 20 жабырлануучу,

6. Улуттук хирургия борборунда – 1 жабырлануучу.

7. Улуттук эне жана баланы коргоо борборуна – 6 жабырлануучу.

Министрлик каза болгон учурлар боюнча маалымат такталып жатканын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан