Жаракат алган 6 бала Бишкекке алып келинди

Баткенден жаракат алган 6 бала Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна алынып келди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдиргенин “Кабар” агенттиги жазды.

Кабарлангандай, балдар октон жана сыныктардын чачырандыларынан жараат алышкан.

“Жабыркаган балдардын абалы туруктуу. Аларга тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлүүдө”, - деп кошумчалашты ведомстводон.

Белгилей кетсек, саат 23:30га карата кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуудан 87 кыргызстандык жабыркап, алардын бешөө амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Toxa76
2022-09-17 07:12:00
Аллах шыпаа берип омурунор узун болсун.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан