УКМКнын Чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеев мененТажикстандын Чек ара аскерлеринин колбашчысы Ражабалы Рахмоналинин жолугушуусу өттү. Маалыматты УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, жолугушуу саат 00:10дон 00:40ка чейин "Гулистон-автожол" көзөмөл-өткөрмө бекетинде орун алган. Ошондой эле жолугушууга Кыргызстандын Баткен облусунун жана Тажикстандын Согди облусунун УКМК, чек ара ведомстволорунун, укук коргоо органдарынын аймактык башчылары да катышты.
Жыйынтыгында төмөндөгүдөй макулдашууларга жетишилди:
Түн ичинде жана 2022-жылдын 17-сентябрында саат 09:00гө чейин Чек ара ведомстволорунун облустук башкармалык башчылары жеке өздөрү Баткен облусундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде чагымчылдык аракеттер жана ок атуулар болбошу үчүн иштерди уюштуруулары керек;
Бул иш-аракеттерди координациялоо максатында Кыргызстандын Баткен облусу жана Тажикстандын Согди облусунун УКМК, чек ара ведомстволорунун жана укук органдарынын аймактык башчылары кирген биргелешкен ыкчам штаб өз ишин "Гулистон-автожол" көзөмөл-өткөрмө бекетинде улантат.