
Жалал-Абад облусунан Баткенге 20 тоннадан ашык гуманитардык жардам жөнөтүлдү. Бул тууралуу ӨКМнын маалыматында айтылат.
Маалыматка ылайык, ӨКМнын унаалары менен Баткенге 5 тонна өсүмдүк майы, 5 тонна ун, 3 тонна күрүч, 3 тонна макарон, 2 тонна кумшекер, 4640 даана нан, 400 блок ичүүчү суу жеткирилди.
Жалал-Абад шаардык мэриясы жана президенттин облустагы өкүлчүлүгү тарабынан Баткенге жардам берүү штабы түзүлгөн.
Белгилей кетсек, жардам берүүнү каалагандар үчүн Жалал-Абад шаарынын "Эркиндик" аянтында жардамдарды кабыл алуу жайы уюштурулду. Ошондой эле Баткен элине жардам берүүнү каалагандар үчүн банк эсептери ачылды.
Кошумча маалымат үчүн тел: 0554115000, 0772500050